Орусия: Видео камерага тартып кечирим суратмай күчөдү
Елизавета Фохт, Наталия Зотова
Би-Би-Си Орус кызматы

Сүрөттүн булагы, Денис Королев тарткан иллюстрация
2023-жылдын март айынын ортосунда полициячылар Москва шаарындагы бир барга келген кардарларды "Любэ" тобунун ырына кошулуп ырдоого мажбурлаган видео тасма интернеттеги коомдук тармактарда тараган.
Бул сыяктуу көрүнүштөрдү социалдык көйгөйлөрдү иликтеген антропологдор "күнөөнү моюнга алдыруу жана шерменде болгонун сездирүү жөрөлгөлөрү" деп баалашат. Би-Би-Си Украинага каршы согуш башталгандан бери орусиялык коопсуздук күчтөрү мындай кемсинтүү жана коркутуу ыкмаларын көбүрөөк колдонуп жатканын баяндайт.
"Чындыгында таптакыр эле абакка түшкүм келген жок"
2022-жылдын апрелинин башында Михаил Сухоручкин деген орус жигит Киевге жакын жердеги убактылуу каратылган Буча шаарында орусиялык баскынчы жоокерлер жайкын тургундарды кырганы тууралуу кабарды окуган соң, буга каршы жок дегенде бир нерсе кылышы керектигин түшүнгөн. Ал кезде 18 жаштагы бул москвалык жигит Калининград шаарында жашап жаткан. Ал мындагы Балтика федералдык университетинин биринчи курсунун студенти болчу.
Өткөн жылы 6-апрелге караган түнү Сухоручкин үйдөн чыгып, согушка каршы мазмундагы граффити сүрөтүн жайгаштыруу үчүн жай издей баштады. Студентке 1200 гвардиячыга арналган эстеликтин аянты жакты.
Бул эстелик Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучулары болгон советтик жоокерлердин урматына тургузулган биринчи айкел болуп саналат (бул эстелик тээ 1945-жылы күзүндө ачылган).
"Мен эстеликтин өзүнө сүрөт тартуунун кереги жок деп ойлогом, бул кунарсыз иш болмок", – дейт Михаил Сухоручкин.
Ал эстеликти айланып өтүп, анын артындагы дубалды жактырды да, ага сүрөт тартууну чечти. Студент дубалга Путин менен согушту бири-бирине теңеген оппозициячыл жазууну түшүрүп, тез эле үйүнө кетти.
Эки күндөн кийин кечке жуук Сухоручкин жашаган батирге телефон чалышты. Сырттагылар кандайдыр бир товар жеткирип келип жаткандай түр көрсөтүшкөн соң, Михаил эшикти ачты.

Сүрөттүн булагы, Денис Королев тарткан иллюстрация
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Орусиялык күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жигитти матап, бети-башын жерге каратып жаткырышты. Көп өтпөй аларга тергөөчү кошулду: ал тинтүү жана кылмыш ишин ачуу боюнча уруксат берген чечимди алып келди. Тинтилчү батирге күбөлөр да келишти.
Тинтүү амалдарынан соң жигит Калининград шаарынын Ленинград районуна караштуу ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Михаил дароо эле коюлчу доону четке кагуу пайдасыз деп чечти: батирди тинтүү учурунда күч кызматкерлери шаардагы эстеликтин жанындагы дубалга граффити тарткан киши өзү экенин айгинелеген жетиштүү далилдерди табышкан эле:
"Мен чындап эле убактылуу тергөө абагына (СИЗОго) баргым келген жок. Тергөөчү менен дароо келишип алууну чечтим. Балким, мындай учурда ал мени эч жакка чыкпоо тууралуу милдеттенме алдырып бошотоор же үй камагына калтыраар. Мен бардык нерселерди кийин сот жүрүмүндө эле талашып-тартышканга аракет кылайын. деп ойлондум".
Михаил өзүн убактылуу абакка калтыртпоо жана өзүнө карата шек жаратпоо үчүн суракта тергөөчү каалагандын баарын аткарууну чечти.
Ал Путин жөнүндө жазууну дубалга өзү жазганын мойнуна алды, документтерге окубай туруп кол койгондой түр көрсөттү (бирок ал чындыгында текстти өтө ыкчам окууга далаалат кылды). Беркилер сунуштаган адвокатты кабыл алууга да, ал тургай эртеси күнү "тергөө аракеттерин жүргүзүүгө" катышуу үчүн бөлүмгө өз эрки менен кайтып келүүгө да макулдук билдирди.
Өз күнөөсүн мойнуна алгандыгы камтылган видео тасманы жаздыргандан кийин тергөөчүлөр Михаилди үйүнө коё берүүнү чечишкен. Тергөөчү Константин Михаилге эртеси эле күн тартибинде турган суракка келүүсү керектигин эскертип, эмнегедир студенттен 13 баш гвоздика гүлүн ала келүүсүн өтүндү. Михаил сурак учурунда бул тергөөчү бул козголуп жаткан ишке "аймактык жаңылыктар" (редакциясы) кызыгып калганын учкай айтканын эстеп калды.
"Мен бул гвоздикаларды алиги эстеликке коюуга жана видео камерага айткан сөздөрүмдү кайталоого мажбур болушум ыктымал го деп жоромол кылдым. Мен андан ары тигилер каалаган жомокту улантып, эч кандай либералдык демократиялык баалуулуктарга ишенбейм жана, деги эле, өзүм каяктагы бир аңкоомун да, деп айтып берүүм аларга керек болгондой", – дейт Михаил.
2022-жылы 9-апрелге караган түнү Михаил Сухоручкин Калининграддан жөө чыгып кетти (тергөөчү анын паспортун тартып алгандыктан, ал автобус же учакка билет ала албайт болчу). Үч күндөн кийин ал Орусиянын Польша менен чек арасына жеткен.
Ошол маалда орусиялык күч органдары менен адвокат гана тургай, өз энеси да Михаил Сухоручкиндин дайынын таба албай калышты.
Энеси үч күн бою уулу кайда экенин билбей калганын "Азаттык" үналгысынын "Север.Реалии" (долбоор Орусияда "чет элдик агент" деп табылган) долбоору менен маегинде эскерет.
Ал Михаилдин кечирим сураган видео тасмасын көрүп, жаттама сөздү айткан учурунда уулунун "аябай коркуп жатканын" дароо түшүнгөн.
Ал ортодо Михаил польшалык чек арачыларга өзү барып багынып, алардан саясий башпаанек сураган. Азыр ал Францияда бозгунда жашайт.

Сүрөттүн булагы, Денис Королев тарткан иллюстрация
Чеченстандан Орусиянын башка аймактарына таркалган сестентүү ыкмасы
Михаил Сухоручкин менен болгон окуяны социалдык көйгөйлөрдү иликтеген антропологдор "күнөөнү моюнга алдыруу жана шерменде болгонун сездирүү жөрөлгөлөрү" деп баалашат.
Мында сөз мыйзам чегинде жазалай турган эч нерсе жок болгон учурда же андай жаза жетишсиздей сезилген чакта күч органдарына аба менен суудай керек болгон ыкма – соттон тышкаркы сестентип таасир көрсөтүү ыкмасы жөнүндө болуп жатат. Би-Би-Си тээ 2021-жылы эле бул сыяктуу иш амалдары Орусиянын көп аймактарында кеңири колдонулуп калгандыгын кенен чагылдырган болчу.
Видео камерада кечирим суратып жаздыруу өнөкөтү көбүнчө Түндүк Кавказ аймагында жана, өзгөчө алганда, Чеченстанда таркалган.
2015-жылдын декабрь айында жандандыруу борборунун кызматкери Айшат Инаева айымдын башына түшкөн окуяны коомчулук унуткара элек.
Бул айым оболу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду "сырты жалтырак, ичи калтырак" иштери үчүн айыптап чыгып, андан соң жеке өзү кечирим суроого аргасыз болгон.
Чынында видео тасма аркылуу кечирим суратуу "жанры" Чеченстан менен гана чектелбестен, Орусиянын ар кыл аймактарына да кеңири таралган.
Орусия Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү согуш аракеттерин 2022-жылдын 24-февралында баштады. Бул окуядан кийин Орусиянын күч органдары мындай жосунсуз “жөрөлгөлөрдү” согушту айыптагандарга каршы өзгөчө көп колдоно башташты.
Маселен, өткөн жылдын май айында интернеттеги коомдук тармактарда Украинанын басып алынган аймактарынын айрым тургундары орусиялык баскынчы жоокерлерден кечирим сураган видео тасмалар пайда болду (андай тасмалардын биринин катышуучусу болгон бир аял атайын “денацификация” курсу делген нерседен өткөнүн да айтканы бар).
Сибирдеги Томск облусунда бир шаардын мэриясынын алдына келип, Украинага каршы Кремлдин жүргүзүп жаткан баскынчыл согушун кескин айыптоо камтылган баракчаларды чачкан бир киши бийликтердин мажбурлоосу менен видео тасмага тартылган. Бул бечара киши "орусиялык аскерлер Украинада фашизм менен күрөшүп жатышат жана бардыгын туура кылып жатышат", – деп айтууга аргасыз болгон.
Путин 2014-жылдан тартып убактылуу каратып келе жаткан Крым жарым аралында кардардын буйрутмасы менен анын денесине "Крым – Украинаныкы" деген сөз бар татуировканы чегелеген тату адиси кечирим сураган сөз видео тасмага түшүрүлүп, интернет аркылуу таркатылган.
Ал эми Первоуральск шаарында иштеп жаткан бир мугалим украин улуттук оюулары түшүрүлгөн көйнөк кийген фото сүрөттү интернетте жарыялагандыгы үчүн кечирим сураган (ал айым орусиялык "куралдуу күчтөрдүн беделинне шек келтирди" деген доого кабылган). Анын өз күнөөсүн "мойнуна алган" сөздөрү бар видео тасма да интернет аркылуу жайылтылган.
Калган-каткандардын жүрөк үшүн алуу үчүн кимдир-бирөөнү коркутуу

Сүрөттүн булагы, Денис Королев тарткан иллюстрация
Антрополог Александра Архипова айым калайык айыгыша улантылып жаткан баскынчыл согушка байланыштуу зордук-зомбулуктун чидерине туш болуп жатканын мындайча түшүндүрөт:
"Кишилер зомбулук кыла башташат, анткени алардын айлана-тегерегинде да зомбулук кылып жатышат. Эгерде милиция бөлүмүндөгү 10 кызматкердин жети өкүлү кармалгандарды ур-токмокко алчу болсо жана анысы үчүн эч жазаланбай турганын билишсе, анда калган үчөө деле алардын жолоюна түшөт".
Архипова айым ар кандай согуш коомдо зомбулуктун күчөшүнө туш кыла берет, деп санайт.
"Күнөөнү моюнга алдыруу жана шерменде болгонун сездирүү жөрөлгөлөрүнүн" жөн эле басынтып салуу милдети бар. Андан тышкары ал жөрөлгөнүн кечирим суроого мажбурлоо милдети да бар эмеспи. Анын үстүнө коом алдында эмес, жетекчи төбөлдүн алдында кечирим сураттыруу керек. Киши жөн жай эле жасай бербей турган иш-аракетке мажбурлоо керек: мисалы, ал жарма патриоттук ырды ырдашы керек, же өзүн аңкоомун деп айтышы ылаазым, же болбосо орусиялык аскерлерди мактап сүйлөшү керек. Ушул жөрөлгө да кишинин ар-намысын тебелөөнүн, аны кемсинтүүнүн бир түрүнө жатат, дейт Архипова айым.
"Укук коргоо органдарынын кызматкерлери мындан ары калктын салыктарынын негизинде иштеген жана аларды коргоого тийиш болгон кишилер тобу катары эч саналбай калышат, – дейт Архипова. – Алар эми тикелей падышага гана баш ийчү, каалаган зомбулугун жасаган баш кесер желдеттер катары кабылданып калышат".
Антрополог Александра Архипованын оюнча, күч органдары тарабынан тартылган видео тасмалардын ЖМКларда жана интернетте пайда болуп жатканы – эч кандай кокустук эмес. Мындайды жарыялоо – кемсинтүүнүн маанилүү бөлүгү болот.
"Классикалык тоталитардык система болгон. Ал сталиндик система эле. Азыркы маалыматтык автократиялар андай ыкмада иш алып барышпайт, – дейт Архипова айым. – Алардын милдети — жолдош Сталинге окшоп, элдин жоон тобун тынч гана кырып жок кылуу эмес. Алардын милдети – лам деп унчукпастан шүк отуруп калуусу үчүн башкалардын жүрөгүнүн үшүн алуу".
Орусияда азыр жапатырмак репрессия жүргүзүү механизми жок болуп турат, деп кошумчалайт ал. Бирок калайыкты коркутуу керек, ошол себептен "күнөөнү моюнга алдыруу жана шерменде болгонун сездирүү жөрөлгөлөрү" кеңири таркап келет.
Бул жагдайда ал түгүл көз карандысыз маалымат каражаттары дагы алигиче мажбурлап кечирим сураган видео тасмаларды андан ары жайылтуу менен калың журттагы коркуу сезимин ого бетер чыңдоого өздөрү байкабастан огожо болуп жатышат, дейт Архипова айым.
Полициячылардын мындай жосунсуз жүрүм-туруму бийлик кимге таандык экендигин өктөм көрсөтүүнүн кыйла табигый көрүнүшү, – деп психолог Полина Солдатова айым Би-Би-Синин кабарчысына айтты:
"Бул кылык сиздин үстөмдүк кылып жатканыңызды, буга акыңыз бар экенин көрсөтүүнүн аргасы. [Мындай учурлар] соңку мезгилдерде көбөйүшү ажеп эмес, анткени коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлеринин арасында жазасыздык сезими улам күчөп жатпайбы". (TT)





























