Путин: ок атышууну токтотуу сунушуна макулбуз, бирок айрым жагдайлар бар

Сүрөттүн булагы, Kremlin Press Office/TASS
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы ок атышууну отуз күнгө токтотуу жөнүндөгү Американын сунушуна макул экенин, бирок айрым жагдайлар түшүнүксүз болуп жатканын айтты. Путин бул убакыт ичинде Украина жаңы курал-жаракка ээ болуп, мобилизацияны улантып, жаңы күчтөрдү даярдыктан өткөрүшү мүмкүн деп чочулайт.
"Биз согуштук аракеттерди токтотуу боюнча сунушка макулбуз, бирок бул узак мөөнөттүү тынчтыкка жол ачкан жана кризистин баштапкы себептерин жок кыла тургандай болушу керек", - деди орус президенти.
Ошондой эле Путин ушул жумада Курск облусуна барып, кеңешме өткөргөнүн эске салды. Орусиянын башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимовдун маалыматын угуп келгенин билдирди.
"Согуштук аракеттерди отуз күнгө токтотуу эмнени билдирет? Ал жактагылардын баары [Курск облусу] согушпай чыгып кетеби? Карапайым элге каршы кылмыш жасагандан кийин деле аларды ошол жерден чыгарып салышыбыз керекпи? Же Украина командачылыгы аларга туткун катары багынып берүүгө буйрук береби?", - деди Путин.
Мындан тышкары ок атышпоо режиминин сакталышын көзөмөлдөө маселеси Москва үчүн принципиалдуу мааниге ээ экенин Путин ачык айтты. Орус лидери сөзүн жыйынтыктап жатып элдешүү идеясын колдой турганын, бирок бул тыкыр даярдыкты талап кыларын билдирди. Ал бул тууралуу америкалык өнөктөштөрү менен, "Трамп менен телефондон сүйлөшө турганын" кошумчалады.
Ал ортодо АКШ лидери Дональд Трамп орус президентинин сөзү "көптү үмүттөндүрүп, бирок толук болбой калганын" айтып чыкты. Вашингтондо өткөн НАТО уюмунун баш катчысы Марк Рютте менен жолугушуу учурунда Трамп орус президенти менен сүйлөшүү өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Владимир Путин Американын сунушуна ооба же жок деп так айтпады. Анын мындай жооп берери күтүлгөн эле. Эми Вашингтон буга каршы эмне дейт? Би-Би-Си Орус кызматынын кабарчысы Елизавета Фохт бул тууралуу төмөнкүлөрдү баяндайт:
Көптөгөн эксперт Владимир Путиндин айткандарын "акылдуу" дипломатиянын анык мисалы деп баалап жатат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Американын элдешүү тууралуу сунушу Орусияны кыйын абалга салып койду. Эгер Путин ок атышууну токтотуу идеясына бир беткей жооп кайтарып, баш тартса, анда Москва менен Вашингтондун мамилеси бузулушу мүмкүн. Президент Трамп бийликке келгенден бери Вашингтон менен Москванын мамилеси "оң жолго" түшө баштады. Ошондуктан АКШ сунушуна "жок" деп так жооп кайтаруу Кремлге пайда алып келбейт.
Бул сунушка "макул" деп айтуу дагы Кремль үчүн кыйынга турат. Себеби Путиндин айтымында, бул күндөрү орус аскерлери фронттун бардык багыты боюнча алдыга жылып жатат. Путиндин ушул аптада Курск облусуна барып кеңешме өткөргөнү ал жакка артыкчылык берилип жатканын айгинелейт. Орусия бир нече жолу убактылуу эмес, узак мөөнөттүү тынчтыкка жол ачкан жана кризистин баштапкы себептерин жок кыла турган келишимге жетүүгө макулбуз деп айтып келген. Мындай жагдай Орусиянын талаптарына толук жооп берет.
Акыр аягы келип Путин амалкөйлүк кылды. Ал Трамптын сунушуна макулбуз деди. Сөзүнүн башында Украинадагы жаңжалды токтотууга аракет кылганы үчүн америкалык кесиптешине ыраазычылык билдирди. Андан кийин гана айрым "нюанстар" бар экенин белгиледи.
Орус президенти айткан "жагдайлар" арасында Украинаны түйшөлткөн эң орчундуу маселелер бар. Негизинен Путин Киевге башка жактан кандайдыр бир жардам алуудан, жаңы курал-жаракка ээ болуудан, мобилизацияны улантып, жаңы күчтөрдү даярдоодон баш тартууну сунуштады. Ошондой эле Курсктагы украин аскерлеринин тагдыры тууралуу дагы суроо салды.
Мындан эки күн мурун АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио ок атышууну отуз күнгө токтотуу сунушу менен чыгып, эми Москвадан расмий жооп күтөөрүн билдирген.
"Эми кезек Орусия тарапта, эгер Орусия ок атышууну токтотуу боюнча жок деп жооп бере турган болсо, анда тынчтыкка кимдер тоскоол болуп жатканын билебиз",- деген эле АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио.
Владимир Путин өзүнүн билдирүүсү менен аларга жооп кайтаргандай болду, бирок бир нече маселени чечүүнү Ак үйгө оодарып койду. Эми анын жообун Вашингтондо кандай кабыл алышат? Бул тынчтык келишимин талкуулоо үчүн жаңы сүйлөшүүгө чакыруубу? Же согушту улантуу ниетиби? Ал эми Дональд Трамп Москванын талабына Киевди көндүрөбү же Орусия сунушка көнбөй койду деп ага каршы "кыйратуучу чараларды" колдонобу?
Бул суроолордун баарына болбосо да бир бөлүгүнө жооп орус жана америкалык чиновниктердин сүйлөшүүлөрүнөн кийин белгилүү болот.





























