Баткен: журналист менен подполковниктин табышмактуу өлүмү

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы жана Аскар Баймуратов, Баткендеги журналист

Баткенде марттын аягында эки кайгылуу окуя болду. Жергиликтүү журналист кыздын жүрөгү кармап, ооруканада үзүлгөндөн кийин анын артынан Баткен облустук милиция башчысынын бакыйган орун басары жакын тууганынан бычак жеп каза болду.  Эки окуя боюнча тең кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Баткен ОИБи бул өлүмдөрдүн өз ара байланышын жокко чыгарып, атайын түшүндүрмө менен чыкты.

Журналисттин өлүмү

“Айрым бир жарандар бул эки өлүмдү бири-бирине байланыштырып, саясатка туштаганга аракет кылып жатышат. Бирок бул эки башка өлүм. Арзыгүл Галымбетова 25-мартта Баткен ОИБге келип, анын үстүнөн блогер уят сөздөрдү айтып, абийирине шек келтирип жаткандыгы тууралуу бизге арыз менен кайрылган", - деди Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова.

Арзыгүл Галымбетова

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маркум Арзыгүл Галымбетова чек арадагы окуяларды активдүү чагылдырып келген

"Ал эми Аскарали Мухаммадиевдин өлүмү 27-март күнү катталган. Анын өзүнүн жакын тууганы өз үйүндө маркумга бычак сайып койгон”, - деди Баткен ОИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова.

Анын айтымында, Арзыгүл Галымбетова тирүү кезинде эле милицияга блогер аны каралап жатканы тууралуу арыз менен кайрылган экен. Анын арызынын негизинде Кылмыш-жазык кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү) менен кылмыш иши козголду. Бул кылмышка шектүү катары баткендик блогер айым кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Журналист кыздын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.  

Подполковниктин өлүмү

Ал эми Баткен ОИБ жетекчисинин орун басары Аскарали Мухаммадиевдин өлүмү боюнча Кылмыш-жазык кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Иштин алкагында 27-мартта Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын  34 жаштагы тургуну кармалды. Ал мурда бир нече жолу сот жообуна тартылганы белгилүү болду.

“Жакында эле сот жообунан бошоп чыккан экен. Бул шектүү адам менен Аскарали Мухаммадиевдин ортосунда тууганчылык мамилеси болгон. Муну саясатка аралаштырып, башкача бурмалаганга негиз жок. Бул жерде өз ара пикир келишпестиктен ушундай окуя катталып калды”, -дейт Юсупова.

Аскарали Мухамадиев 48 жашта болгон

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маркум милициячы Баткен облусундагы коомдук тартипке көзөмөл салып келген

Расмий маалыматка ылайык, 27-мартта саат 10.00дөр чамасында милициянын подполковниги шектүүнүн үйүнө барып, тууганынан бычак жеген.

Маркум милициячы Баткен облусундагы коомдук тартипке көзөмөл салып келген. Аскарали Мухамадиев 48 жашта экени, ИИМ түзүмүндө 2000-жылдардан бери иштеп келгени белгилүү.

Анын өлүмүнө тиешеси бар деп төрт киши кармалды.

Баткен: табышмактуу өлүмдөр

Баткенде буга чейин 2018-жылы облустук прокурор Анарбай Мамажакыпов да киши колдуу болуп, анын жансыз денеси Төрт-Күл суу сактагычына жакын жерден табылган. Прокурор өлүм алдында аесуз сабалып, андан кийин атып өлтүрүлгөнү ОИБдин расмий маалыматында айтылган эле. 

Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча Кылмыш-жазык кодексинин “киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголгон. Шектүү катары аны менен тоого аңчылыкка чыккан, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Ал өз айыбын четке кагып келет.

Дагы бир табышмактуу өлүм - ошол эле 2018-жылы 6-ноябрда Лейлек районунун Арка-2 айылдык кеңешинин депутаты Кубаныч Баянов дагы өз үйүнүн алдында ок жеп, он бир күндөн кийин алган жарааттарынан жакшы боло албай каза тапкан.

Эми минтип милициянын подполковниги киши колдуу болуп каза таап жатышы коомчулукту түкшүмөл ойго салып, ар кандай жоромолдорго жем таштоодо.  

Наркотрафиктин боюндагы Баткен

Былтыр Кыргызстандын атайын кызматы жарым тоннадай баңгизат колго түшүрүлгөнүн маалымдаган. УКМК бул Кыргызстандын эгемен тарыхында кармалган эң чоң көлөмдөгү маңзат экенин жана анын наркы 20 миллион долларга чамалай турганын билдирген.

Мынча чоң көлөмдөгү баңгизат Жакынкы Чыгыштан Борбор Азия аркылуу Европага ташылып бара жатканы айтылган эле.

Адистер бул жолду "Түндүк маршрут" деп атап, Афганистандын героини Тажикстан-Кыргызстан аркылуу Россияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө жашыруун каналдар аркылуу тарай турганын белгилешет.

Хаит Айкынов Баткендеги жергиликтүү серепчи:

“Баткен облусу контрабанданын, наркотрафиктин дүйнөлүк жолунда жайгашканы айтылып эле жүрөт. Аймактагы кылмыштуулук да ушунун айланасында көп болуп жүрөт. Борбордук бийлик буга көңүл бурса. Азыр тажик тарап менен чек арада бажы дагы бар, демек контрабанда сөзсүз бар”, -дейт ал.

маңзат Кыргызстан

Сүрөттүн булагы, КТРК

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөт иллюстрация

 “Союз мезгилинен бери эле келе жаткан наркотрафиктин жолу бар Афганистан-Ленинабад-Баткен-Россия-Европа багыты менен кеткен. Ошондуктан кылмыштуу чөйрө да бул жерде көбүрөөк болуп жатат окшойт. Азыр эми кадрлардын ротациясы деп жатышат. Бирок бул жерге прокурорду жөнөтсө дагы ушундай жагдайларды эске алып анан жөнөтүшү керек. Себеби, ошол кылмыштуу чөйрөнүн төбөлдөрү Бишкекте отурса дагы, биздин аймакта ишенген адамдары бар”,- дейт Айкынов.

Кыргызстанда чек арада кандуу кагылыштар утур-утур болуп турат, ал жаңжалдын чыгышына аткезчилердин жана баңги топтордун да таасири бар дешет.

Мындан тышкары Баткен облусун соңку кезде  олигархтар көзөмөлгө алып, облустун “көмүскө кожоюндары” катары айрым адамдардын ысымдары да аталып жүрөт. Алардын аткезчиликте үлүшү бар экени да айтылат.